Владислав Щербина Дебютант

Туголбай сыдыкбеков

Түгөлбай Сыдыкбеков
(1912 — 1997)

Кыргыз сүрөткерлеринин лөгү, романчылардын дарканы Т. Сыдыкбеков Ысык-Көл өрөөнүндөгү Кең-Суу деген жерде 1912-жылы туулган. Анын энеси Айымкан он жети бала төрөгөн экен. Бирок аз эле убакыттын ичинде жети уул, төрт кызы чечектен1 өлөт. Ата менен эне көп балдарынан ажырап, мөгдүрөп турган кезинде алардын бактысына уул төрөлөт. Ар кандай оорудан, шум өлүмдөн жүрөктөрү үшүгөн ата-эне ага Түгөлбай деген ат коюшуп, далай ырым-жырымдарды кылышат. Бирок Түгөлбай ата сүймөнчүлүгүн көрбөй, экиге чыга элек кезинде атасы келтеден2 өлүп, топ жетим кара кийген эненин колун карап, эне тарбиясында өсөт.
1914-жылдагы биринчи дүйнөлүк алааматка Россия да аралашып, бул согуштун активдүү катышуучуларынын биринен болду. Падышанын казынасына бериле турган ыгым-чыгымдар көбөйдү. Элден эсепсиз мал-мүлк, акча жыйналды. Кийинчерээк 1916-жылы кыргыз жаштарын ооруктагы жумуштарга тартуу жөнүндө падышанын буйругу чыгат. Дыйканчылыкка ыңгайлуу жерлер казынанын карамагына өтөт. Ал жерде жашап турган эл тоо этектерине, кокту-колотторго сүрүлөт. Буга байланыштуу алсыздардын конушун тартып алуу, же сыртынан бийлеп, жерин сатып жиберүү башталат. Бий-болуштардын, атка минерлердин жемекейлиги күчөп, кембагалдарды, жетим-жесирлерди боздотот.
Кең-Суунун ичиндеги Сыдыкбек кыштап жүргөн кыштоодон ылдый карай кесилип алынып, ал жердеги жашаган уруулар бүт көчүрүлөт. Анысы аз келгенсип, Айымкандын кыштоосуна жыйнаган анча-мынча оокат тиричилигин Шакарбай деген киши башка бирөөгө сатып жиберет. Айткан датын айыл билермандары укпай, жесир буркурап ыйлап кала берет. Көп өтпөй ата-бабалары жердеген конуштарынан кол жуугандарды башка өзөнгө көчкүлө деген жардык жарыяланды. Карайлаган калк бул жардыкты аткарууга эрксиз мажбур болушуп, аргасыз көчүп жөнөштү. Ошондо Кең-Суу айылынын жарым болушун бийлеген Эшимбек жоргосун чайпалтып, көч алдынан капыл-тапыл чыгып калат. Конушун, жыйнаган оокат-тиричилигин тарттырып жиберип, бийликтен жардам ала албаган каралуу Айымкан жандай салып өтүп бараткан болушка карап, ат үстүнөн:

«Жайнактын уулу Эшимбек,
Болуштугу „жарашты“.
Эл өйдө-ылдый көп көчүп,
Музоо-торпок адашты…»

деп жамактатып коё берет. Аңгыча баш аламан эл Чоң-Таш деген жерге келип токтойт. Болуштун бесири (катчы) баштаган бир тобу аркан чоюп ченешип, көчүп келгендерге конуш бөлүштүрүүгө киришет. Түтүн ээси эркектери барлар жер алышып, Сыдыкбектин үй-бүлөсүнө эч нерсе тийбеди. Катардан калганга сай-сөөгү сыздаган Айымкан тигил тоотпой койгондорго карап, кошогун дагы жөнөтөт… Өзүнүн тирикарактыгы, сөзмөрдүгү менен Айымкан тоотпогон бий-болуштардан эптеп-септеп өзүнө тиешелүү нерсени алууга жетишет. Апасынын дал ушул жамакчылыгы келечектеги сүрөткердин чыгармачылыгына чоң таасирин тийгизди.
1916-жылдагы козголоң көлдөгү бүт кыргыз айылын кучагына алды. Сыдыкбектин үй-бүлөсу да үркүп барып, Текести байыр алышат. Бул жерде бир жылча тургандан кийин туулган жерине жөнөйт. Айымкан балдары менен элге жете албай, казак жеринде баш калкалап, 1918-жылы гана Ысык-Көлгө келишет. Күнүмдүк оокат үчүн эне менен алты жашар Түгөлбай Коровин деген кулакка малай жүрүштү. Анда жүргөн төрт жылдын ичинде эненин да, баланын да эстеринен окуу кетпей койду. Бирок окушка мектеп жок. Айласы кеткен Айымкан Түгөлбайды Түнкатар молдого берди. Бирок бул жердеги «окуу» балага жакпады. Бир кыш «окугандан» кийин ал мындай «окуудан» түбөлүк кол үздү.
Акырында илимге чаңкаган Түгөлбайдын күткөн күнү келип, Кең-Сууда жаңы мектеп ачылды, ушул мектептен сабатын ачты. 1925-жылы Караколдогу эски таанышы Коровиндикинде жатып, Чехов атындагы орус мектебине кирет. «Айтор, менин ачык мүнөзүм, тырышчаактыгым сүйкүм турдубу, ким билет? Мугалимдер да, классташ балдар да мени жакшы көрүшчү. Артыкча Горшков Василий, Коромыслова Мария мага көп жардам беришти. Дал ошол Чехов атындагы мектепте окуп жүрүп Пушкин, Гоголь, Тургеневдердин аттарын уктум. Ырас, алардын ар бири ааламга атагы кеткен улуу жазуучу экенин кийинчерээк билдим. Негедир орус жазуучуларынын ичинен эң алгач мага чыгармасы менен таанылган Тургенев болду», — деп эскерет Т. Сыдыкбеков ошол жылдардагы окуусу жөнүндө.
Арадан бир-эки жыл өттү. Баштагыга караганда Түгөлбай орус тилин өздөштүрүп, кадыресе окуп калды. Бирок жаңы кыйынчылык башталды. Байлыгы өскөн кожоюн кийинки жылдарда чарбасына каралап, шаарга келбей, айылда кыштоочу болду. Турмуш Түгөлбайды окууну ташташка аргасыз кылды. Кийинчерээк Т. Сыдыкбеков Крупская атындагы мектепке кирет, көп узабай Ленин атындагы жети жылдык мектепке которулат. Турмуш абал өтө оор эле. Бирок Түгөлбай окууну бул жолу таштаган жок. Жазуучунун биринчи чыгармасы да ушул мектепте окуп жүргөн кезинде жазылды. Анын жазылышынын өз тарыхы бар.
…Бир күнү Түгөлбай А. С. Пушкиндин китебин окуп отурат. Классташтарынын бири Молдокасым: «Ушундай орус тилинде жазылган чоң китепке да сенин тишиң өтмөк беле», — деп мыскылдайт. Буга ыза боло түшүп, анын оозунан: «Мындай китепти өзүм да жазам», — деген сөз байкабастан чыгып кетет. Анан ал «Капкакбай» жомогун жаза баштайт. «Сөз ылгап, ырдын кооздугун, көркөмдүк касиеттерин териштириш кайда. Туш келди „соктура“ берип, беш-алты күндүн ичинде эки дептерди жомокко толтурдум», — дейт ал чыгармасынын жазылуу тарыхын эскерип. Жомоктун идеялык-көркөмдүк сапаты канчалык деңгээлде экендиги жазуучунун өз сөзүнөн эле көрүнүп турат. Бирок бул жаш Түгөлбайды келечектен көп нерсени үмүттөндүрдү. Уламыштын негизинде жазылган бул эки дептер ыр жоголуп кетти. Ал кийин гана кайрадан жазылып, жарык көрдү.
1929-жылы Т. Сыдыкбеков Фрунзедеги айыл-чарба техникумунда окуп, аны бүткөндөн кийин ошол эле жылы жаңы ачылган Ашхабаддагы Орто Азиялык зооветеринардык институтка кирет. Сүзөктүү дарт, өзөктүү оору анын институтту бүтүшүнө жол бербей, окууну таштоого аргасыз кылды.
Түгөлбай да чыгармачылыгын поэзиядан баштады. Анын «Булар кимдер?» деген биринчи ыры 1930-жылы басылды. 1932-жылы «Чабуул» журналына (азыркы «Ала-Тоо») «Чал комузу» деген көлөмдүү поэмасы жарыяланат. Ал элден уккан уламыш, жомоктун негизинде жазылып, жаш калемгердин эпикалык жанрга канчалык жөндөндүү экенин да көргөздү. Ушундан бир жылдан кийин эле биринчи ырлар жыйнагы «Күрөш» деген ат менен жарык көрдү. 1936-жылы «Баатырлар», 1938-жылы «Акын — булбул» деген ырлар жыйнактары жарыяланды. Бирок келечектеги белгилүү романчыны проза жанры өтө кызыктыра берди.
Т. Сыдыкбековдун «Кең-Суу романынын биринчи китеби 1937-жылы, экинчиси 1938-жылы басмадан чыкты. Ошол убактагы жазылган чыгармалардан «Кең-Суу» романынын чоң айырмасы, өзгөчөлүгү бар эле. Бул чыгарма кыргыз адабиятында чыныгы романдын жаралышына, андан ары өнүгүшүнө негиз салды. Аны автор түп-тамырынан бери кайрадан оңдоп, ал «Тоо арасында» деген ат менен жарык көрдү. «Кең-Сууга» удаа «Темир» романы жазылды. Согуштан кийин жарыяланган «Биздин замандын кишилери» романы Т. Сыдыкбековдун атагын чыгарып, атын союзга гана эмес, чет өлкөгө да таанытты. Роман үчүн залкар сүрөткер СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты деген наамга арзыды. Мындан кийин жазуучу «Тоо балдары», «Зайыптар» романынын эки китебин жарыкка чыгарды.
Прозанын чакан түрүнө да жазуучу чоң маани берип, чыгармачылыктын бул салаасында да зор эмгектенди. Отузунчу жылдарда эле ал «Ала-Тоодон алтоо», «Абысындар», ал эми согуш жылдарында «Пайдага чечилген чатак», «Тарбия», «Замбирекчилер», «Күтүү», «Кайрат», «Эл оозунда» сыяктуу аңгеме, очерктерди жазган. 1943-жылы жазуучунун «Согуш күндөрүндө» деген китеби жарык көрдү. Прозанын бул чакан түрүндө сүрөткер андан кийин да жан үрөп иштеп, далай нарктуу дөөлөттөрдү жаратты. 1980-жылы «Кайнар булак» деген наам менен чыккан жазуучунун аңгемелер, повесттер топтому мунун ачык далили.
Т. Сыдыкбеков проза менен поэзияны тизгиндеш алып жүрөрүн өзү да өзгөчө белгилейт. Бул туурасында «Жол» аттуу автобиографиялык романында: «Проза менен поэзияны тизгиндеш алуу мендеги айныбас максат болчу», — деп айтканы бар. Ыр жазууну убактысынча токтото туруп, көп жылдан кийин Түгөлбай поэзиянын сыйкырдуу дүйнөсүнө кайрадан кайрылып, 1960-жылы «Күн кызы Нурайымга күйөөлөгөн Жанболот жөнүндө баян» жомок-поэмасын, 1969-жылы «Адамдарга кайрылуу» аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагын чыгарды. Жашырганда эмне, бул поэзиялык туундулар адабий жамаатчылыктын көңүлүн анча бура албады, ал гана эмес, «Адамдарга кайрылуу» жыйнагы туурасында олуттуу сын-пикир айтылды. Ошентип, жазуучу акындык өнөр менен прозачылыкты тизгиндеш, катар алып жүрүү максатын алдына койсо да, анын чыгармачылыгында проза басымдуу мааниге эгедер. Себеп дегенде ал адабий журтчулук менен карапайым окурмандарга ириде прозачы, болгондо да романчылардын дарканы катары таанымал.
Жазуучунун бөтөнчө бир эргүү менен өндүрүмдүү иштеген мезгили жетимишинчи жылдарга туура келди. 1969 — 1970-жылдары ал чыгармаларынын төрт томдугун чыгарып, «Сыр ачуу», «Курбулар», «Ыманбай пейили» романдарын биринин артынан бирин жазып, удаама-удаа жарыялады. Андан кийин «Көк асаба» романына көшөрүп көп күч жумшады. Заманына жараша бул тарыхый романдын тагдыры өтө татаал болуп, сүрөткерди кыйла абыгер чектирип, азапка да салды. Роман кыргыз адабиятынын тарыхында эми гана өз ордун тапты. Өзүн-өзү түйшүккө түрткөн жазуучу жетимиш жылдык мааракесине утурлай «Жол», «Мезгил сабактары» аттуу мемуардык-автобиографиялык романдарын жаратты. Заман, коом, саясат, адам, адамгерчилик, жакшы-жаман, ак-кара, өмүр-өлүм, тарых, тил, дил, илим-билим, адабият менен маданият, сүрөткер жана анын осуйпасы — койчу, бул актуал көйгөйлүү маселелерге арналган жазуучунун мазмунга карк макалалары байма-бай жарыяланды. Булардын баары топтоштурулган жазуучунун макалалар жыйнагы 1992-жылы «Табылга» деген ат менен жарык көрдү. Анын дагы бир өзгөчөлүгү мындай көйгөйлүү маселелерди күйүп-жанып көтөрүп чыкканда, ал жалаң эле мезгилдүү басылмалар менен чектелбеди. Сексенден ашканда да дагы эле баягы күүсүнөн жанбай, сөз берметин төгүп, бирде телевизордон көрүнсө, кээде анын жагымдуу үнү ободон жаңырып турду.
Бул лөк жазуучу, залкар таланттын кыргыз адабиятында кайрылбаган темасы менен жанры жок. Чоң сүрөткер өзүнө-өзү баа берип, «өжөрмүн, көкмүн» дегени бар. Ырасында да сөөгүнө бүткөн кашкөйлүк, өжөрлүк, көктүк аны адил иш үчүн чечинип салып, түз качырып кирип күрөшүүгө чакырды. Кайсы заманда, кайсы жерде, ким болсо да тайсалдабай, ачуу чындыкты таамай бетке айтты. Анан эң негизгиси көжөлүп иштеп, ак эмгегинин акыбети кайтты. 1997-жылдын 19-июлунда каза болду. Ал өмүрүнүн акырына чейин калемин колунан түшүргөн жок.

Тоо балдары
(Романдан үзүндүлөр)

Омор аке жана анын уулу
Омордун үйүн көздөй бурулган кезде, Сабыр тымызын жылмайды. Анткени Омордун кыял-жоругун эсине түшүргөн адам эрксизден күлө турган. Ал — оюндагысын кишиге бербеген бир мүнөздүү өжөр, эр көкүрөк, кайраттуу, күпүлдөп сүйлөгөн адам. Баланы айрыкча жакшы көрөт. Бирок эркелетпейт. Ойноп жүргөн балдарды өзүнө чакырат. Бир жолу анын колуна түшкөн бала оолак качат. Омор жашыраак кезинде өзүнөн качкан баланы тартактап кубалоодон да тартынчу эмес. Аны көргөндө айрыкча Сабыр артына кылчайбай кача турган. Ал Омор жакындап келатканын, анын тери шымынын кең багелектеринин күдүр-күдүр эткен доошунан сезчү. Кээде коркуп баратып Сабыр шашканынан мүдүрүлүп жыгылчу. Анда Омор: «А кудагыйдын баласы, колума түштүңбү? Качасың, э! Мен киммин, ыя!» — деп баланы ыйлата берчү. Сабырдын энеси, кээде ачууланып: «Ой, береги куу баш баланын жүрөгүн түшүрүп салмак болду», — десе, Сабырдын эжеси: «Кой, апа. Сакалдуу кишини куу баш дебе, шагы сынып калат», — деп энени тыючу.
 — Сынса сынсын. Анын шагы сынат эле деп баламдын жүрөгүн түшүртөйүнбү. Ой, Омор, коё бер алдагы баланы. Эмне, сенин сүтүңдү төктүбү?
 — Э, балаңды эркелетип жатам?!
 — Сенин бала эркелеткениң курусун…
 — Эмне?! — дечү Омор ызаланып. — Мен бала коркутуучу карышкыр эмесмин го! Атаңарга наалат, чор кыргыздар. Булар жадаса, баланы эркелеткенди да билишпейт. «Уфүлөп» үстүнө үйрүлө беришип, балдарын арпа жарманын каймагындай былжырак өстүрүп алышат. Бала дегенди бешиктен бели чыга элек кезинен жаагынан кайыш алып үйрөтсө, эч нерсе тоотпос өрт өсөт! Чоң атам мени эркелеткенде, муунта кармап, эки жаагымды ысыта-ысыта чабучу. Рас, а дегенде ыйлачумун. Кийин мен да көнүп кеттим. Ал чапкан сайын: «Дагы чап, чоң ата. Эки бетим калың болуп баратат», — деп тике карачу болгомун… Мен эр жеткен кезимде эки жаат болуп чабышсак, булдурсун камчы тийсе да бетим түктүйүп коюучу эмес! Э, атаңарга наалат, чор кыргыздар, мен силердин балдарыңарды киши болсун дейм. Менден корксоңор, айыл конбой койгула?! — Үшинтчү Омор бир жылы айылчылап келген чоочун аялдын баласын ошентип эркелетсе, сырын билбеген бала коркуп кетип талып калган. Сакалдуу кишилер: «Таштасаңчы адатыңды, бирөөнүн баласынын жүрөгүн түшүрүп, кункор болуп каласың!» — дешип, Оморду жемелешкенден кийин, кубалаганын коё баштады. Балким, Омор ал адатын таштабас беле? Жашы элүүдөн өтүп калганда, өзү балалуу болду. Ошондон баштап бирөөнүн баласын катуу эркелеткенди да коюп кетти. Омордун кийинки эрмеги окуган балдарды көрсө:
 — Эй, кудагыйымдын балдары! Менин жаныма келип койчу! — дечү. Окуган балдарга Омор кадимки чоң кишиге кылган мамилени иштеп: «Э, өкмөттөр, келгиле! — деп козголуп коюп, катарынан орун көрсөтөт. Кээде Сабырды да чакырып: „Те-ек, ыйлаак. Көзү чоң, коён жүрөк. Эми окуп жүрөт. Качан өкмөт болуп жаныңа тапанчанын боосун салпылдатасың, ыя?“ — Сабыр тымызын гана күлүп койчу:
 — Окугандын баары эле тапанча тагынмак беле?
 — Те-ек, бул чоң көз тапанча тагынгандан да коркот. Анан эмне үчүн окуп жүрөсүң? Койчунуку — таяк менен көнөчөк; жылкычыныкы — кыл аркан менен укурук; эгинчиники — чалгы менен орок; мага окшогон көк чекелердики — көк союл менен жомок. А союлга окуунун эмне кереги бар? Же моюнга жагоо тагынып үп боло албасак… Ансыз да бир үйдөгү үч бала бирдей мектебине жүгүрөт. Теги, эртең өкмөтчүлүк кимисине жетишет, ыя? — Сабыр техникумдун үчүнчү курсун бүтүрүп келгенде, Омор аны үйүнө чакырды. Бул жолу Сабырдын алдына каймакка көптүргөн тарууну койдуруп чын ниетинен кеп баштады:
 — Мен өз айлымдын козусунан кочкор агытканды жакшы көрөм, Сабыржан, окууну окуй берсе акылдуу кишинин мээси айнып калат деген. Эсептесем мектеп эшигин аттаганыңа далай жыл болуптур. Бир башка жетишерлик билим алдың. Тил ал, Сабыржан. Ушунчаңда окууңду токтот. Дагы он жыл окусаң көп болсо, ачендик болорсуң. Тилимди ал, биздин айылга часковой милийса бол да, окууңду бүт! Алдыңда ат. Үстүңдө көк жака. Жетишкендик ошол да! Өгүнү бир серке союп, терисин бербей койсом, актисин жазышты… Э, дүйнөдө мен ушул часковойдон чоңду көрө албадым. Тапанчасынын боосун салпылдатып, деле ар түрдүү иштин баарына көз салат экен өзү. Тил ал да ушул часковой бол…
 — Ал кызматты аткарышка менин жөнүм келбейт.
 — Тек! Ага окууң аздык кылабы?
 — Ар иштин өзүнүн окуусу бар, Омор аке.
 — Э, кандайча өз окуу? Кат жазасыңбы? Колуңду коёсуңбу? Болду, мөөрүңдү басып, ишиңди агыза бер! Дагы кандай окуу. Ушул замандын окуусу көп. Илгери бир эле молдо тил кат жазып, катындын да башын ачып… Эми аарынын да окуусу чыкты. Тек, койдум деги?! — Сабыр Омордун ушул жоруктарын эсине түшүрдү.
Аялы төрөбөй „куу баш“ атка конуп жүргөн кезинде, кээде дөңгө жалгыз олтуруп алып, көк союл менен жерди „дүп“ чаап коюп, Омор кудайды тилдөөчү. Ал антип олтурганда: „Кой, барбайлык. Биз эмес, Омор кудайды сабап олтурат“ дешип анын жанына адам жолочу эмес. Анан кырктан ашып калган аялы доктурга көрүнүп жүрүп бала төрөдү… „…Эй, атаңдын көрүнө!“ — деди Омор кубангандан. — Дөбөдө олтуруп кудай менен сабашканча, байбичем, мурунтан эле доктурга барсак болмок экен го». «Ошентсек болмок экен», — деп аялы кубаттаса, Омор: — «Бу кайран Сабет, тоодогу кыргызга трактыр жеткизди. Өнөр, билим берди. Жадаса, төрөттөн калгандарды минтип четинен төрөтө баштады», — деп корс-корс күлгөн.
…Омор уулунун атын Орусбек койгон. Ал жетиге толгондо, Омордун үйүнө сельсоветтен киши келди:
 — Омор аке, — деди ал, — Орусбегиңиз мектепке барат.
 — Э! — деди Омор кежирленип, — Орусбекте эмне бар?
 — Окубайбы, жарыктык.
 — Эй, жигит, маа жооп берчи?
 — Кана, сураңыз.
 — Бир үйдө он бала болсо, ону тең окуу дешип делпилдейт. Эркеги жетишпей жаткансып, кыздары кошо энтеңдейт. Мынча элге окуунун не кереги? Бул өкмөтчүлүк кимисине жетишет, ыя, жооп тапчы? — Омор сөөмөйүн чочойткон.
 — Окуу керек. Окугандын баары эле өкмөт болбойт.
 — Анан эмне кылат? Он жыл окуп алып уй багабы?
 — Ооба! — деди сельсоветтин кишиси камырабай, — окуп алган киши уй бакса, ага көк көйнөктү жолотпойт…
 — Тек! Уйчуга окуунун кереги не? Малды окуу менен тосо албайт. Көк союл тосот. Окуп, окуп койчу болсо, менин Орусбегим окубай ак, оо деген адам болот. Бара бер! — Айтканынан кайтпас Омор биринчи жылы Орусбегин мектепке жибербей койду. Бир күнү Орусбек ыйлап келди.
 — Эмне ыйлайсың? — деди атасы.
 — Окуган балдар мени шылдыңдашат…
 — Эмне деп?
 — Окубаган торпок, торпок дешет.
 — О, кайраты жок жаман! Алар торпок десе сен ого бетер торпоктугуңду билгизип, үйгө мөөрөп келесиңби? Экинчи маа жашыңды көргөзбө. «Жалгыз болсоң, чогоол бол»… деген. Сени торпок деген балдарга кыргыйдай тий! Маалим болушса, маа айт. Мектебинин эшигин жулуп ыргытканымды бир көрсүн. Байыркы молдо табылгы чыбыгын көтөрсө, балдардын башы жерге кире түшчү. Эмки маалимдер; «бичкүлтүр» деп балдарын тамдын башынан секиртип үйрөтөт экен, ой?! Алар тамдан секирсе, мен түндүктөн секирип түшчүмүн… Үй ээсин каратып туруп, кайнап турган казанды көтөрүп кетчүмүн… Сенин түп таякең Сары жетимиш жашында жеке өзү жети каракчыны тооктун балапандарындай алдына баскан. Тек, атаңа наалат. Торпок деп койду деп мөөрөп келет, жаман. Экинчи маа жашыңды көргөзбө. Саа тийген бала болсо, тумшугун канда! Алың жетпесе өлүп бер. Уктуңбу?
 — Уктум, ата, — деп Орусбек жашын сүртүнгөн. — Кийинки жылы сельсоветтен да, мугалимдерден да алда нече ирет кишилер келе берип, Орусбекти мектепке тартышты. Кыш өткөндөн кийин, Омор Орусбекти жанына отургузуп:
 — Кана мектепке барганыңа алты ай болуп калды, эмнени билдиң? — деди.
 — «Алиппээ» окуй алам, ата! — деди Орусбек.
 — Баштагы молдо алты айда балдарына куран түшүртчү эле. Кана, окуп көрчү «Алиппээңди». — Орусбек китепти ачып эжелеп окуду: «Ата, ат…»
 — Те-ек! Башкасын окучу! — Орусбек окуй баштады.
 — Ча-на… та-рт…
 — Эмне дейт, Ата, ат… Чана тарт… деген да окуу болчу беле? Бери берчи, китебиңди. — Омор «Алиппээни» колуна коомай кармап, ар бир барагын ачкан сайын китептин бетинен көрүнгөн ар түрдүү сүрөттөргө одурайып:
 — Тек! Китепке да балта, күрөктүн сүрөтү тартылчу беле? — деп кыжырланган.
…Бир күнү башка балдар келип, Орусбек мектептен келбей калды. Уулунун эмне үчүн кечиккенин ой жоруп билген Бермет Оморго угуза айтып кейип кетти:
 — «Мурдун канда» деп жүрүп жалгыз уулду баш кесер кылып алдыңыз, баатыр.
 — Тек! — деди күрөккө сап копшоп олтурган Омор аялына. — Эмне болуптур?
 — Уулуңуз бүгүн да жок. Сабагын окубайт. Мектепти астын-үстүн кылып тентек дешет. Мугалим алып калса керек… Омор чапанын сүйрөп, күрөктүн сабын ала турду:
 — Эмне дейт? Камап койгон го?
 — Кайда барасыз, баатыр? — деди Бермет абышкасынын жолун тороп. — Мугалими мындай бол, андай бол деп акыл айтып жаткандыр. Азыр эле келет уулуңуз, олтура туруңуз. — Омор «корс» этип, булкунуп эшикке карай басты:
 — Тек! Жолду бошот. Мен азыр келет деп олтура албайм… Окуткан окуусу: «Ата, ат… Чана тарт…» сабнаркомго пресидатили кылчудай, баламды алып калат… Мен маалимге жемелетип баламдын жүрөгүн өлтүрө албайм. Карыганда чекеме бүткөн жалгыз уул чогоол өссүн! Мен баланы кыргыздан алган эмесмин, орус берген! Мен бул кыргыздын «ата, ат. чана тартын» окутпаймын. Баламды алып тигил совхоздогу орус мектебине беремин!
 — Ачууну токтото туруңуз, баатыр. «Атасы болушчаактын уулу урушчаак, энеси болушчаактын кызы ыйлаак» дейт. Баланы өзүбүз жаман өстүрдүк… Улуудан уялбай, кичүүдөн ийменбей каяша айтат. Орусбектен кичүү тигил Аскар эмне? Аман болсун бечара, жибектей чоюлган сонун киши боло турган. — Аялынын кебин укпай Омор:
 — Тек, бирөөнүн баласын мактап, өз баласын жамандаган энеден сени көрдүм, тобо! — деп оолуга берген.

Суроолор жана тапшырмалар
1. Омордун сырткы көрүнүшүн, балдарга, уулу менен аялына жасаган мамилесин айтып бергиле.
2. Омор колдонуп-пайдаланган сөздөрдү тапкыла. Төмөнкү туруктуу сөз айкаштарынын маанисин чечмелегиле жана жаттагыла: шагы сынуу; жүрөгү түшүү; сүтүн төгүү; арпа жарманын каймагындай былжырак; бешиктен бели чыга элек кезинен жаагынан кайыш алып үйрөтсө; союл тоотпос өрт өсүү; кайнап турган казанды көтөрүп кетүү; түндүктөн секирип түшүү(айрым сөздөрдүн маанисин чечмелөөдө К. Карасаевдин «Накыл сөздөр» деген китебин пайдалангыла). Айрым адамдар дайыма бир сөздү айта берип, адатка айлантып алат. Айлыңардагы же шаарыңардагы ошондой кишилердин туруктуу сөздөрүнүн сөздүгүн түзгүлө.
3. «Атасы болушчаактын уулу урушчаак, энеси болушчаактын кызы ыйлаак» деген макалдын ырастыгын турмуштагы байкооңор боюнча далилдегиле. Бул бөлүмдөгү жаңы менен эскинин күрөшүн айтып бергиле. Эски жана жаңы окуу жөнүндө Омордун ою кандай?
4. Омордун баланы тарбиялоо жөнүндөгү түшүнүгүн айтып бергиле. Сенин атаң Омор акедей болсо, эмне кылмаксың, аны тарбиялоого аракеттенер белең? Кантип?
5. Омор аке балдар менен тамашалашкан жоругун биротоло таштоого кандай окуя себепкер болуп, таасир этти? Бермет эмне үчүн Оморду баатыр дейт? Эски убактагы баатырдык менен азыркы баатырдыкты кандайча түшүнөсүң?

Омор аке окуганы келди
 — Эй, кеңеш берчи, энеси? — деп Омор алда кимге тап берчүдөй илгери обдулуп кейип сүйлөдү: — Алдага тобо-о… Мен баарына жакшылык ойлоп жүрсөм, баскан изимдин баары тетири чыгат го. Орусбектин айтканына таң калам ой: «Өзүң өрт кой деп айтпадың беле» дешин кара. Мен ууру бол десем, ал ууру болуп кетмек экен го. Ага чогоол бол деп акыл айтсам, акмактын түшүнгөнүн көр, ой… И, алдага тобо! Жалгыз уулду жалындуу өссүн деген тилегим жарамсыз жакка жетелегени неси? — Омордун кыжырын кайнатпайын деген Бермет сөзүн кылдат баштады.
 — Баланын окуганына далай болду… Кээде Сабыр өзү келип: «Ата-энелердин чогулушуна келип жүрүңүз, Омор аке», — деп өтүнөт. Тил алып барып койбойсуз.
 — А өзүң не барбайсың? — Омор берендей ормойду.
 — Атанын айдыңы артык болот тура, баатыр…
 — Тек! Айдыңым болгондо, мен барып маалимдер менен чабышмак белем?! Акбайдын айылы менен өйүзгү Бекбайдын айылы жайыт талашып чабышкан жылы мен туура жыйырма бирдеги кезим. Э, ата көрү, жеңди белге кыстырып, шымаланган чабышта көк тал союл түткөн эмес, туура бешти сындаргам. Менин сабагым ошондо эле бүткөн. Тек, мен чогулушка барганда эмне кылам?!
 — Чабышка эле бармак белең, баатыр?
 — Тек, анан сабак бермек белем… Өкмөттүн жалуунга (айлык акы) берген теңгесин актап алышсын маалимдер. Отун, суусуна дейре колхоз милдеттүү. Окутсун балдарды. Бермет Орусбектин жоругун эске салды:
 — Атанын айтканы балага кандай таасир эткенин уктуңуз го? Алтыдагысын унутпай олтурбайбы Орусбек.
Омор Берметтин жүйөлүү кебине жооп айта албай саал мурчуйгансып койду. Бир мүнөздүү кары кээде өз кылмышын сезгенде ушинтип бир аз жоошуй түшчү. Абышканын бул сырын алдан билген Бермет үнүн көтөрүңкү чыгарды:
 — Ала качкан кызды, көз чыккан чабышты же ууру-кескиликти баланын кулагына куя бериш да жарамсыз тура… Эч болбосо, маалимдер эмне дейт, аны угуп, андай жүр деп балага акыл айтылбайт. Кээде эки жактан болуша да кетебиз. Ушунун баары эле туура эмес тарбия окшойт го…
 — Те-ек, токтот окууңду! — деп Омор эми гана бир унчукту. — Бул үйдүн тентеги мен болсом, мына мен коюп бердим го… — Деген менен Берметтин кеби таасир этти белем: «Үшкөлүнө барса барып көрөйүнчү», — деп өз алдынча күңкүлдөп келатканда, Омор жолунан Динарды жолуктурду. Кыз жарашыктуу тигилген күрөң кызыл торко көйнөгүнө ансайын жараштырып ак боркок (фартук) тартынган. Дыкан өрүлгөн чачтары жылтырап, учтары кызыл тасма менен бекилген. Колунда кара портфель. Омордун көзүнө кыз алда кимдей болуп татынакай көрүндү. Абышка күрөктөй алаканын маңдайына серепчилеп далдайып тура калды.
 — Тек, кайсы баласың, чырагым?
 — Мен, Динармын!
 — Сен Динар болсоң, эмне учурашпайсың?..
 — Жок, — деди кыз тез сүйлөп. — Сизден коркуп кеттим… — Динар үнсүз басты.
 — Мен да маалимден сабак алайын деп келатам.
 — Ооба, карыган киши окубайт, — деди Динар.
 — Тек, а эмне үчүн мени чакырат?
Аңгыча коңгуроо шыңгырады. Динар чуркап кетти. Чачтары серектеп, ак боркоктун четтери делбирттеп баратса, артынан караган Оморго кыз көпөлөктөй көрүндү. Бара түшкөндө Динар: Омор акем ашыгабы? Сабакка келатканы рас бекен дегенсип кылчак-кылчак карады да, жамыраган балдарга аралашты. Бир заматта жымжырт боло түшүп, Омор эки жагын караса бир да бала жок. Ал ылдамдай басты да, жанагы Динарлар кирген эшикке кирди. Кең жана узун коридор жарык, чоң-чоң терезелерден күн түшүп көңүлдүү. Дубалга илинген портреттер нурга чөмүлүп, кээси Оморго күлүмсүрөй карагансыды. Атайы жасалган төрт аяктуу тектирчеге коюлган Токтогулдун бюстысына одурая калып Омор: Тек, салоомалейкум! — деп унчуга айтты да, кайра өзү чочуп кетти.
 — Ой, сен тебетейчен кыргыз, сакалыңды чокчойтуп мектепте эмне кылып олтурасың, ыя?
Башта мектеп имараты төрт-беш бөлмөлүү эски курулуш болчу. Сабыр директор болгондон кийин, мектеп үчүн жаңы курулуш тургузуу ишин башкы милдет деп, облисполкомго чейин маселе койду. Окуй турган балдардын саны артууда. Класс жетишпей баратат. Анын үстүнө эски курулуш кыштактын аяк жагында, белден соккон бороондун нак ойноосунда. Бар болгону беш жүз метрче жогору чыксаң «лып» этип жел жортпой аба мемиреп, сырттан үйгө киргендей жылуулук сезесиң. Ал эми кылчайып артыңа карасаң, мектептин тегереги боз чаңгыл тартып, бороон зуулдап, кар учуп турат. Кээ күндөрү балдар мектепке жеталбай, окуу токтолот. «Кыштакты ортолото барып, күнөстүү ыктоого мектептин жаңы үйүн тургузушка мезгил жетти!» — деп Сабыр түн уйкусун бөлгөн. Анын сөзү ишти улантты.
Ортолоп курулган мектептин үйү аппак болуп, чоң-чоң терезелери күнгө чагылыша кыштактын көркүн чыгарды. Өткөн күздө жаңы класстардын эшиги ачылган. Физика жана зоология кабинеттери жаңы аспаптар, экспонаттар менен толукталган. Азыр да Омор абышка салам айткан тигил Токтогулдун бюсту да ал ордунда жаңы жылдан бери турат. Элетте маңоо өскөн Оморго ал тек башка жактын кишисиндей чоочун көрүндү. Омор чочуп кетти, саламды да кандайча айтып жибергенин өзү да сезбей калды. Эр көкүрөк Омор эч убакта кишиге озунуп салам да айтчу эмес. Алдынан адам жолукса, ага «тек, эй, кимсиң сен? Мен — Омормун. Таанып турасыңбы өзүң?» деген кишиче одурайып кароочу. Мейли кичүү, мейли улуу болсун, саламды Оморго мурун айтышат. Азыр Токтогулдун бюстысы тек сакалын чокчойтуп Оморду тоотпой турду. «Ой, токточу, — деди Омор, — урушчаак бөдөнөдөй чокчойгон кайсы кыргызсың, сен?» Эшиктин ары жагынан аялдын коңгуроолуу үнү созулуп угулду:
 — Атам эмге-екти сүйөт… Баарыңар жазгыла. — Ал жумушка эрте чыгат. Кээде үчтөн нормону аткарат…
 — Тек! — Эшик жакка бурулуп, тигил чыккан үндү какшыктады: — Атасын коюп балдарды окута берсеңчи…
Ал эшикти шарт ачып класска кирди.
 — Кагылайын, маалим кызым, сөз сурайын руксат бекен?
 — Айып этпеңиз, Омор аке. Азыр сабак учуру… Сиздин балаңыз алтынчыда окуйт. Мугалимине кайрылыңыз…
 — Ооба, директор өзү берет деген. Балаңыздын бири көрсөтүп койсо экен?
 — Сиз тартип буздуңуз. Класска директордун өзүнөн руксат сурап киресиз. — Омор чочуп кетти.
 — Тек, руксатты кайдан билейин, айып этпе, балам!
Көп узабай кайра чыккан Омор калдастап эшикти тез жапты… Аңгыча коңгуроо шыңгырады. Куду тосом ачылып, козулар жамырагандай чуркурап, эшик-эшиктен чыга баштаган балдар, узун, кең коридор аркылуу эшикти көздөй жамырады. Кээ бирлери бирин-бири түртүшө берип, ортодо кеңгиреп калган Омордун этек-жеңине тийип өтүшөт. Талаа жерде, же айыл арасында балдар минтишсе: «Тек! Аттай дүбүрөп кетишет мына булар. Мен силерге каакы көрүнөмбү, көзүңөргө?» — деп чөлдүн бүркүтүндөй бийиктен карамак. Азыр ал анте алган жок. Мектеп Оморго жаңы дүйнөнүн төрүндөй бөтөнчө таасир берди. Ал балдардын арасында калдастап турду. Аңгыча Сабыр утурлай басып:
 — А, Омор аке, мектепке келипсиз. Башыңызга чөп сындырайынбы! — деди. Ал күлө сүйлөп, карыяны колтуктап кабинетине кирди. Терезелерден күн түшүп, кабинет күлүп туруптур. Омор диванга олтурар замат, бек-бек сүйлөдү:
 — Кел дейсиңер, келсек эшигиңер бек — киргизбейсиңер…
 — Мектеп эшиги дайыма ачык, — деди Сабыр жай.
 — А, ачыгы кайсы? Тыңшасам: маалимдин үнү чыгат. Эшикти ачып кирип барсам: «Аксакал, директордон руксат алыңыз», — деп маалимдериңер сүрүп чыгат.
 — Ал туура! — деди Сабыр.
 — Э, туура болсо, мени эмне чакырдыңар убара кылып.
 — Сизди кечээ чогулушка кел дегенбиз.
Омор бир кыжырын карматса: «Тек, маалим чакыртты деп басып жүрөр жайым жок», — деп кежир сүйлөйт болчу. Бирок Сабырдын алдында токтоо болгусу келдиби:
 — Чогулуш кечээ өтүп кетсе, бүгүн маа не сөз калды. Анда кетейин… деп кетишке кам урду. Сабыр: «Кетпейсиз, олтуруңуз!» — деп буйра сүйлөдү.
 — Те-ек! — Омор дөбөдө олтургансып бакылдады. — Чогулуш кечээ өтсө, бүгүн менин керегим не?! Билип турам, Сабыр балам. «Орусбектин атасы Омор аке сиз болосуз го…» — деп сурап, мени акырын далымдан сылап коюп: «Эмесе, Орусбек чээнден чыкты, маалимди көзүнө илбейт, парталарды аттап, балдардын төбөсү менен жүрөт, тилин чыгарып кыздарды шылдыңдап күлөт… Не Ташбай акени тоотпойт, көчөттөрдүн бутактарын кыйратты. Муну кантебиз, Омор аке?!» — деп жеме айткың келет го! Жок, жок. Токтоп тур!.. Кайра мектеп, саа айта турган доом бар. Ырас, Орусбек менин балам, кечээ жашы сегизге толгондо, мектепке бер деп келдиңер. Сөөгү меники, эти силердики деп туруп, баланы маалимдин колуна салдык. Айттык: баланы мындан ары биздики деп болушпайбыз. Илим берүү, тарбия берүү силердин милдет деп. А баламды мектепсиз, илимсиз жакшы кылыш колдон келсе, силерди убара кылып, мен аны мектепке бербейт болчумун, Сабыржан… Сөз кезегин алгысы келип: «Мектепсиз илимдүү болуш татаал иш», — деди Сабыр.
 — Тек, сөзүмдү бөлбө, Сабыржан! — деди Омор кебин улантып. — Кат тааныбасам да, көкүрөгүм оюңарды сезип турат. «Омор аке, Омор аке» деп азоону «чүш-чүштөгөндөй» соорумдан сылап коёсуңар. Көңүлүңөрдү кыйбай, силердин «чүш-чүшкө» тим болуп койсом: «Балаңыз андай, балаңыз мындай», — деп абийиримди төктүңөр. Тек, бүттү! Орусбек шоктук кылса, үйдө олтуруп мен не кылмакмын?..
Омор бир заматта мукактана түштү. Терисин тээп, күрө тамыры көөп, кирпинин жүнүндөй кайраттуу муруттары типтик бириндеп: «Балдарды жайына ээнбаш коё берген силердин тарбияңар да», — деп айтып жибере жаздады. Омордун оюндагысын айттырбай түшүнгөн Сабыр: «Ай, Омор аке ай, Омор аке ай…» деди ичинен. Сабыр бул оюн жеке Омор картаңга гана эмес, Омор курдуу айылдын мурунку түркөй кишилерине бурулуп айткансыды. Ал өзү биринчи жолу мектеп босогосун аттаган күндү көз алдынан өткөрдү. Ал анда жаш, энеси оорулуу, жалгыз бой, Сабырды мектепке да бергиси келбей: «Сен окуп кетсең, атыңды ким сугарып берет. Кол арага ким жарайт!» деп күңкүлдөгөнү азыр да кулагына угулуп турду: «Совет өкмөтү чыккандан бери бала да, чоң да окуу деп жээлигет. Өкмөтчүлүк алардын кимисине жетишет? Мал багышка да адам керек го?!» — дешип ал кезде айыл адамдарынын көбү жеке гана өкмөт башында турчуларга окуу керек, калган карапайым журтка окуунун эч кереги жоктой түшүнчү. Окуган балдар 5-классты бүтө электе, ага-туугандары жеме айтышчу:
 — Башка элдин балдары үчүнчүнү бүтүрүшсө эле өкмөт ишине аралашат экен. Биздин балдар беш жыл окуп, эч болбосо карагай башы (токой корукчусу) болсочу — десе, «мал каттап, биздин айылга келген кара бала 3-классты эле бүтүрүптүр. Көрдүңөр го. Баарыбыз тең малыбызды каттатканы алдына барып, жаңылып калбасак экен деп сүрдөп олтурдук», — деп экинчиси аны коштоочу.
 — Ооба, тигил Чымыр сүрдөп кетип: «Бир бээ, эки кулунум бар», — деп жаңылган, — дейт дагы бирөө.
 — Те-ек! — дечү ал кезде ушул эле Омор: — Көп окуу адамды көк мээ кылат. Көкүрөгү тунук, дээринде бар балдар биринчи сыныптан (класстан) эле адам болуп чыгат! Атаңдын көрү эй, адам болду деп Абдылда төкөрдүн баласын айткыла, ботом! Көзүнөн оту жанып, адамды тике караган бала болчу. Өмүрлүү болсун! Алты ай окуду, жанына тапанча байланып, милисе болуп жүрөт дейт…
Ушундай сөздөрдү уккан Сабыр көп басынып: «Чын эле менин колуман эч кызмат келбейт го», — деп кээде кейүчү. Ошентсе да Сабыр илимге кызыкты. Шаар мектебине келгенден бери орто бойлуу, арык чырай, улгайып калган мугалимден таалим алды. Ал киши куду көп баланын атасы сыяктуу, бардык балдарга мээрим, камкордук менен кароочу. Ар күнү таң азандан башын оң жак ийинине кыйшайта басып, балдар жатчу бөлмөлөрдүн эшигин ачып, таттуу уйкудагы балдарды өзү ойготчу. Элеттен келген балдар ал кишини Кузьмич ата дешчү… Кыйынчылыкты жеңиш керек дечү Сабыр. Ар бир оор ишти Кузьмичтин өзүндөй чыдамдуулук менен аткарууга киришчү. Азыр Омордун түксүйгөн жүзүнө бир тынымдай үнсүз карап туруп: «Эх, караңгылык, караңгылык, — деди Сабыр ичинен кейип, — сенин тамырың канчалык тереңге кеткен ээ!..»

Суроолор жана тапшырмалар
1. Диалогдорду (Омор — Бермет; Омор — Динар; Омор — мугалим; Омор — Сабыр) көркөм окугула. Бул бөлүмдөн юмордук сөздөрдү, окуяларды, мамилелерди тапкыла. Юмор эмне экенин айтып бергиле.
2. Омордун: а) «Акбайдын айылы менен Бекбайдын айылы чабышканда, туура жыйырма бирдеги кезим. Жеңди белге кыстарып, шымаланган чабышта көк тал союл түткөн эмес — туура бешти сындаргам…» б) «Эр көкүрөк Омор эч убакта кишиге озунуп салам да айтчу эмес», — деген сөздөрүнүн маанисин чечкиле.
3. Омор менен Сабырдын аңгемесинин маанисин баяндагыла. Кузьмич, Омор, Сабыр — үчөөнү салыштырып мүнөздөгүлө.
4. «Накыл сөздөрдү», «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүн» пайдаланып, төмөнкү туруктуу сөз айкаштарынын маанисин түшүндүргүлө: урушчаак бөдөнөдөй; тымызын колтукка укушуу; каакы көрүнүү; башка чөп сындыруу; азоону «чүш-чүштөгөндөй» соорусунан сылоо; күрөө тамыры көбүү; көкүрөгү тунук.
5. Омордой адамдар азыр барбы? Болсо алар кайсы жагынан Оморго окшош?
6. Омор акенин адам болуу жөнүндөгү түшүнүгү эмне үчүн мал каттоочулукка, милициялыкка байланышкан? Азыркы жылдардын Омору адам болууну кандай кесиптерге байланыштырмак?

Динар чоң энесине сабак бере баштады
Чоң энесине тез жетишке ашыккан Динар бүгүн да үйгө уу-чуу ала келди.
 — Чоң эне, чоң эне. Бирдеме айтам, билиңизчи? — Тентек кыз колундагы портфелди сандыкты көздөй ыргытты… Көз айнегинин боолорун кулагына илип койгон чоң эне «Анатомия» китебин барактап, сүрөт көрүп олтурган. Бирок тунарык көрсөткөн айнектер ого бетер чоң эненин көзүнүн күчүн кемитип, ал көп сүрөттөрдү тааный албайт. Маселен, адамдын жүрөгүнүн сүрөтүн тиктей карап, тааный алган жок, эмнегедир аны балапан баскан тоокко окшотту. Ийрилип тартылган мөөндүн сүрөтүн көргөндө: «И, жылан окшойт. Өтө эле жоон экен, бака жуткан түгөт го?» — деп койду. Дагы бир топ барактарды ачып, бир бетке бою менен тартылган скелетти көргөндө чоң эне чочуп кетти.
 — Апей ботом!.. Арка мойну оркойгон неме го, өзү? — Китепти бирде алыстатып, бирде жакындатып кармап, жакшы көрө албаган соң адатынча оң көзүн жума калып сол айнектин жылчыгынан шыкаалап: «Кабыргысы саналат да… Ушунчалык да арыктайт экен, ээ» — деди. Нак ушул секундда Динар кирди. Бардык назарын тигил скелетке бөлүп, өз алдынча кобураган чоң эне уу-чуу ала кирген небересинин дабышынан селт чочуду. Колунан китепти түшүрдү.
 — Акырын жүрсөңчү, эркем… оңор чочусамчы, теги? — Динар чоң эненин сырын түшүнсө: «Сизди мен чочуткан жокмун. Өзүңүз, алдагы скелетти тааныбай коркуп отурасыз» — дейт беле? Бирок Динар адетинче селтең этти:
 — Коркпоңуз, эмне айтканы келдим. Билиңизчи?
 — Маа сабак берем деп айтканы келдиң…
 — Жок, жок. Тапкан жоксуз! — деди тентек кыз.
Эми башымды катырат деп чочулаган чоң эне: «Болду, Динар. Чуулдаба эми?» — деп ишке берилгендей сүйлөдү.
Чоң энеден салкын сөз аз угуучу Динар азыр көздөрүн ирмегилеп, тим боло калды. Ушинтип койбосом мазамды ала берет деп, сактанган чоң эне атайы айтты:
 — Чуулдаба! Сен сабак окуп олтурганда, мен мышыкты үйдөн кууп чыгам. Өзүм бутумдун башы менен басып жүрөм. А мен китеп окуп олтурганда, сен да тынч бол! — Аябай таңданган Динар көздөрүн бакырайта карады:
 — Эй, чоң эне. Сиз да китеп окуй аласызбы?
 — Сен эле окуй алам деп жүрдүң беле? — Чоң эне, үнүн салмак менен таасирлүү угузуп, ишендире сүйлөдү:
 — Кантер экен деп койсо, маа мугалим боло каласың. А сен окуган китепти мен окуй албайт бекем. — Чоң эненин көздөрү саал күлүмсүрөй түштү. Бирок аны тигил күңүрт көз айнектин көлөкөсүнөн Динар байкай албады…
 — Чоң эне, — деди Динар, — кайсы жылы туулганыңызды билесизби, билбейсиз.
 — Аны ким айта койду саа?
 — Ооба, өзүңүз айткансыз…
 — Качан? Тигини, тигини, оңбогур, — деди чоң эне күлүп.
 — Кантип эле өзүмдүн туулган жылымды билбейин…
 — Ооба, — деди Динар, — билбейсиз эле.
 — Билем эле.
 — Билсеңиз айтып бериңизчи, кана?
Чоң эне бир тынымдай небересине карап турду да: «Мен, илгери атамдын көк букасы карышкыр сүзгөн жылы туулганмын» — деди. Же каршы болорду, же кубаттарды билалбай караган Динар өзү да таң калып сурады:
 — Көк бука карышкырды сүзгөн да жыл болобу, чоң эне?
 — Болот, эркем, — деди чоң эне кебин улап: — Илгери кыргыздарда ошондой жылдар болучу… Раматылык сенин атаң короого кийик түшкөн жылы кыш айында туулган…
 — Ал короого кийик түшкөн жыл кандай, чоң эне?
 — Сенин атаң боюмда… Найза бою кар жаап, тоонун кийиги жака талашты… Кыштын түнү жылдай созулуп, кандайдыр муз жарылса, зоо жаңыргансыйт. «Кары чилде ак сакалын сеңселтип суу түбүндө уктаган кези» дешип…
 — «Кары чилде» деген кандай болот, чоң эне?
Небересин тиктей карап, чоң эне чилдени баян этти.
 — Жайдын толгон кезинде жай атасы келип, кырк күн аябай ысыйт. Аны кыргыз жай чилдеси дейт. Кыштын толгон кезинде кыш атасы келип, кырк күн чытырап аяз турат. Аны кыргыздар кыш чилдеси дешет.
 — И, ал Аяз ата! — деди Динар.
 — Ооба, от башында карылар кеп жөнөтүп… теребелде ит-куш жүрөт…
 — Ит-куш деген эмне, чоң эне?
 — Сөздү бөлбөй кепти ук, — деди чоң эне. — Ит-куш деп кыргыз бөрүнү айтат…
 — А бөрү деген эмне, чоң эне? — деди Динар көздөрүн бакырайта таңдана.
Чоң эне аргасыз күлүп койду:
 — Ит-куш да, бөрү да — карышкырдын аты! Эмнелей бербей кепти ук, акмак. — Чоң эне кебездей жумшак колдору менен Динардын мурдун чымчып койду да кебин улады. — Ошентип аяз ата сакалын сеңселткен мойну узун кыш түнүндө толгоо келип, көз ирмеген жокмун. Таң аппак атып калган кезде, бала көз жарды…
 — А көз жарган кандай?
 — Бала төрөлгөндү айтат. «Сүйүнчү! Уулдуу болупсуң, атасы» деген кабарды укканда, чоң атаң байкуш кубанчына чыдай албай кочкор сойчумун деп короого чыкса, кепенин сыртына үйүлгөн чөптүн түбүндө жаныбарым тоо кийиги оттоп туруптур дечү… Ошентип сенин атаң короого кийик түшкөндө төрөлгөн. Короомо кайып келиптир, уулумдун аты Кайыпбек болсун деп чоң атаң ат койгон. — Таңданган Динар: «Ай ээй, ошондой да болот экен ээ?» — деди.
 — Ооба эркем, — деди чоң эне, — илгери кыргыздардын жылы ошентип саналуучу.
Чоң кишидей каадалуу баскан Аскар китептерин койду да, чоң энеге бурулуп: «Ну, бабушка, куттуктайм, сизди!» — деп колун сунду. Шашып кеткен чоң эне да:
 — Куттуктаганы эмнеси күчүктүн? — деп Аскарды алдыртан карады.
 — Куттуктайм! — деди Аскар чоң энени. — Эртең жогорку класстын окуучуларынын жыйыны болот. Сизди баяндамачы кылып көрсөттүк. Даярдана бериңиз?!
Балким, чоң эне Аскар тамашалап жатат деп капарына албайт беле? Бирок ишенимдүү айткан неберенин сөзү чоң энеге чындай угулуп: «Апей, мен баяндама жасачу белем?» — деди.
 — Жасайсыз! — деди Аскар. — Жетимиш жылды бекер жашадыңызбы…
 — Оюн десем чындайт го, күчүк…
 — Окуучулар дайым чын сүйлөшөт. — Аскар эки бүктөлгөн баракчаны чөнтөгүнөн алып, чоң энеге сунду. — Ишенбесеңиз, мына сизге чакыруу билети! Жакшылап даярданыңыз. Динар экөөбүздү уят кылбаңыз.
Чоң эне Аскардын колундагы билетти алды. Төрт бурчунда кызыл-жашыл кош сызыктар сызылып, кичинекей кызыл желекче тартылып, бетине алда кандай сөздөр жазылган баракча чоң эненин колунда дирилдеди. Аскардын кыймылы чоң энеге таасир этти. «Бул балдарымдын тамашасы болор?» деген ойдо чоң эне бирде колундагы баракчага, бирде Динарына карады. Динар, куду үркө турган улакча элейип: Чын, чын… чоң эне, — деди кебин алда кимдер угуп койбосун дегенсип, акырын сүйлөп. — Жана, мен ушуну айтайын деп келгем… Эртең мугалимдер да болушат. Сизди да, тигил ачуулуу Омор абышканы да сүйлөтөбүз деп Сабыр таякем өзү айтты. — Эмне дээрин билалбаган чоң эне өз алдынча шыпшынды. Динар анын колунан чакыруу билетин алып, анда жазылган сөздөрдү угуза окуду… Аң-таң болгон чоң эне акырын Динардан сурады:
 — Мен өмүрүмдө эмне көрдүм эле, эркем?
 — Билбейм, чоң эне. — Башына эчтеме түшө бербесе да чоң эне ойлонгонсуп калды. — Чоң эне! — деди Динар: — окуучулар сизге саясыдан суроо беришет. Анда кантесиз?
 — Билбейм, садага…
 — Ооба, биздин балдар кыйын. Саясыдан көп сурашат.
 — А жыйыныңарда кандай кептер айтылчу эле?
 — Ай-ий, чоң эне, билесизби? Биз өткөн жолу келгин куштардын кайда кыштарын билдик… Аны сиз билесизби?
 — Жо, ботом… Келгиндер Меке жакка кетишет деп молдолор айтышчу эле. А бөдөнө кумурсканын уясына кыштайт деп чоң атамдын кеп салганын уккам…
 — Жок, чоң эне. Келгиндер жылуу жакка учуп кетишет, — деди Динар, укканын чоң энесине баян этип, — маселен, Каспий деңизинде бир булуң бар дейт. Кыш бою анда канаттуулар жердешет. Аларга мергенчилер да тийишишпейт.
 — Өкмөт тыюу салып койгон го?
 — Ооба, сизден аны сурашса, ушуну айтыңыз.
 — Макул, эркем, — деди чоң эне…
…Баары таза кийинип олтурган балдар бир үйдүн бүлөсүндөй. Тигил биринчи катарда олтурган кичинекей небереси Динар: «Эми чоң энем эмне деп айтар экен? Сөзүнөн жаңылбагай эле?» — деп артыкча санаа тарткансып, көзүн албай делдейип олтурганда, чоң энеге сөз берилди.
 — Кагылайын, эрмектерим! — деп чоң эне ордунан жай туруп, акырын сүйлөдү. Саал дирилдеп чыккан үнү жумшак угулду… Чоң эне алда качанкы түнөргөн окуяны бирден санады: — Биздин балалык жупуну, жайдак турмушта өткөн. Кыштын күнү кар күрөп, боз үй тикчү кыргыз мектеп дегенди билчү эмес анда. — Чоң эненин жашы кылгырып, үнү муңканып чыкты. — Кээде эсептеп олтуруп биздин тукумду отузга жеткирем. Азыр ойлонсом, отузубуздун туура он жетиси бөөдө өлүм болуптур. Туулгандан кийин өлбөй коймок беле? Өлөт. Бирок тилегин ашыра албай арманда кеткени өкүнүчтүү… Наадандыктын кесепетинен кыргыздын тукуму жанагы отоо баскан апийимдей кылмая өсүүчү… Ар түрдүү илдет артыкча балдардын өмүрүн кесчү. Энелерин күйүткө салчу…
Дагы бир тамсил айтайын, — деп чоң эне ак аралаган саамайын сылады. Колдору болоор болбос калтырап, кардыккан үнү муңдуураак угулду.
 — Биздин элде Чоро дегендин аялы туура он тогуздун энеси болду. Ону — уул, тогузу — кыз. Алар аман чоңоюшса өздөрүнчө чоң айыл журт болмок. Илгерки жайдак, жүдөө турмуш айрыкча Чоронун сөөгүн какшатты. Жазгы улуу тумоо жүрдү. Бир күндө Чоро үйүнөн экиден сөөк чыгарды. Мен билгенден Чолпон деген кызы жети жашынан уз чыкты. Кештелеп сайган саймасын айылдын чебер келиндери мактай баштаган кезде Чолпонду улуу тумоо жыкты. Ошол кызы жерге көмүлгөн күндөн энеси шордуу ичкен ашын сезбей эсинен ажырады…
Азыр ойлосом, ал кезде да адамды илдеттен сактаган доктурлар болсо, балким, Чоро байкуштун Чолпону өмүрлүү болот беле? Көөр төгүлгөн колунан эчен сонун сайма, эчен сонун чебер иштер жаралат эле… Менин ырысым: көп жашап калыпмын, ушул заманды көрдүм. Кыргыз айылы отурукташты. Мектеп, клуб, кызыл үй дегендер ачылды… Ойлоп олтуруп акылың айран: айылда чаар киши калбай баратат. Чоңдон бала акылдуу, эркектен аял калышпайт. Менин жесир келиним Сабийра азыр колхоздо ферма. — Чоң эне кубангансып күлдү да, кебин улай берди.
 — Динарым маа сабак берет… Чын эле, эрмектерим. Карлыгач бир күндө уясынан төрт жүздөн төрт жүз элүүгө чейин учуп чыгып, баласына жем алып келет десе, мен аңкайып анын оозун карап калыпмын. «Аны сен кайдан билесиң?» — деп сурапмын. Менин билбестигиме Динардын ачуусу келди: «Ай, ушу чоң энем кызык экен. Өзү китеп окубайт, ийик эле ийрип олтурат. Анан эчтеме билбей калат», — деп ызаланды. Дагы бир неберем Аскар колхоздун эгини түшүмдүү болсо деп үрөндүн өнүмүн текшерет. Өгүнчөрөөк, башкармабыз: «Сенин айтканың боюнча, биринчи кампадан буудай өнүмдүү болду. Өмүрлүү бол садага! Силерди бекер окутпаптырбыз. Ушиптип илимиңер менен колхозду өркүндөтүшкүлө!» — деп Аскарымды аябай алкады. Чынымды айтайын, Мергендин антип айтышына ичим тарыды. Ушул күчүктө эмненин илими. Мактабай эле койчу, Мерген, десем: «О, байбиче, эскиликти таштаңыз. Биздин колхоздо Сабыр жетекчилик кылган мектеп бар!» — дейт Мергеним…
Көп жашаган чоң энеңердин, эрмектерим, силерге айта алганы ушул. Ойлонсом, өмүрдүн арты өкүнүчтүү болсо, алды жыргал экен. Артыма кылчайып өткөргөн өмүр жолумду элестетсем, арсак-терсек капчыгайда кара аркандай чубалган жалгыз аяк чыйыр калыптыр. Алды жагымды карасам: даңгыр кең жол жатат. Келечеги алда кызгалдактай силердей жаштар баратат! — Комуздун кылын бирден тергенде кандай ыргалса, чоң эненин азыркы үнү да ошондой коңур ыргак менен сезимге жетти.
 — Жана Аскарым академиктин катынан жүрөктү толкуткан күчтүү сөздөрдү окуду. Кээде муунум эрип, көзүмөн жаш кылгырды. Караңгылыкка наалат! Көз ачырбай бизди көп адаштырыптыр. Жашым сексенди карады. Көргөнүм аз экен. Башкаңар мындай тургула, кээде эрмегим Динар бир сөз сураса, мен ага жооп бералбай такалам. Бу дүйнөдө эмне кылып жүргөмүн деп ызам ачынат. Бары жокту билгиси келип эргип, көкөлөп өскөн Динарымды көрүп, кайра кубанып кетем. Окугула, окугула, кагылайым эрмектерим. Мен андан ашык эмнени айта алам?..

Суроолор жана тапшырмалар
1. Динар, Аскар, чоң энеге мүнөздөмө бергиле.
2. Чоң эне өткөн күндөрдү «арсак-терсек капчыгайда кара аркандай чубалган жалгыз аяк чыйыр» менен, а алды жагын"даңгыраган кең жол" менен символдоштурат. Сексендеги кемпирдин бул айткандары туурабы? Аны даңгыр жол эмес, балким, башка нерсе күтүп тургандыр? Ойлоп көргүлөчү…
3. Стилин ошол калыбында сактоого аракеттенип, чоң эненин сөзүн төмөнкү план боюнча сүйлөп бергиле: Туугандарын баяндашы; Чоронун он уул, тогуз кызы; улуу тумоо; Чоронун кызы — Чолпон; өз келини Сабийра, неберелери Аскар, Динар.
4. Тексттеги булуң, скелет, бөдөнө, келгин куштар деген сөздөрдүн негизинде предмет аралык байланыш жүргүзгүлө (адабият, география, биология).
5. Мурдагы тапшырмаларда көрсөтүлгөн сөздүктөрдү пайдаланып, төмөнкү туруктуу сөз айкаштарынын маанисин чечмелегиле жана жаттагыла: мойну узун кыштын түнү; тоонун кийиги жака талашты; кары чилде ак сакалын сеңселтип суу түбүндө уктаган кез; кыш атасы, чатырап аяз туруу; үркө турган улакча; талдан чырпык сууругандай; отоо баскан апийимдей кылмая өсүү; сөөк чыгаруу.
6. Чоң эне менен Динардан кандай айырмачылыктарды байкадыңар? Эмнеликтен алар бири-бирин түшүнбөй калышат?
7. Чоң эненин түшүнүгүнүн өсүшүнө Динар жана Динардын дүйнө таанымына чоң эне кандай таасир этти? Силердин чоң энеңер барбы? Болсо аны романдагы чоң эне менен салыштыргыла.
8. Чоң эне жана неберелеринин мамилелери аркылуу бул бөлүмдө эски менен жаңынын тымызын күрөшү кандайча берилген?
9. Бул жыйында Омор да өз оюн айтат. Аны өзүңөрчө окуп чыгып, анын сөзү менен чоң эненин сөзүн салыштыргыла. Омор акеге берилген мүнөздөөлөргө, анын сүйлөө речине көңүл бөлгүлө. Анын сөзүнөн, мүнөзүнөн кандай өзгөрүүлөрдү байкадыңар?

Мөмө тоюна даярдык
…Сабыр тездей басты. Бирин-серин ак чалган коңур чачы уюлгуйт. Көңүлү көтөрүлөт: «Мөмө үзүү - жакшылык! Эмгектин үзүрүн көрүү. Мугалимдер менен чогулуш өткөрүү керек». Чогулуш да болду. Чогулушка күзөтчү Омор аке, Ташбай аке да келишти. «Жемиш багы быйыл калың мөмөлөдү. Бул — эзели бак-дарак асырабаган айылдаштарга жакшы таалим!» — деп бардыгына кайрылды Сабыр.
 — Те-ек! — деди Омор, — жакшы айттың, Сабыржан! Өйдө өткөн, ылдый өткөн мазамды алат. «Ой, Омор, биздин жерге да таттуу алма бышат тура. Бирди үзөйүнчү? Азайып калбас…» — Те-ек! — деймин анткендерге, — алманы таттуу экенин билсең, колхоз саа агород берген. Жакшы көчөт тик. Мектептин алмасын саа үздүрбөймүн… Чоң эле киши далдырап турса, бербей да коё албайсың. Кээде, бир-экини үзүп беремин

Обновлено 2.03.2012
Статья размещена на сайте 2.03.2012

Комментарии (0):

Чтобы оставить комментарий зарегистрируйтесь или войдите на сайт

Войти через социальные сети: